«Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги секторун колдоо: пробация жана сот адилеттиги системасын өркүндөтүү жана санариптештирүү» долбоорунун жетектөөчү комитетинин үчүнчү отуруму болуп өттү
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / «Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги секторун колдоо: пробация жана сот адилеттиги системасын өркүндөтүү жана санариптештирүү» долбоорунун жетектөөчү комитетинин үчүнчү отуруму болуп өттү
5-октябрь 2023-жылы «Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги секторун колдоо: пробация жана сот адилеттиги системасын өркүндөтүү жана санариптештирүү» долбоорунун жетектөөчү комитетинин үчүнчү отуруму болуп өттү.
Отурумга Юстиция министрлигинин, Пробация департаментинин кызматкерлери, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын жана Европа биримдигинин өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар долбоордун 2023-жылдын II жана III кварталындагы жыйынтыктары жөнүндө отчетту, 2023-жылдын IV кварталына жана 2024-жылдын I кварталына карата иш планын карап чыгып, талкуулашты.
Маалымат катары: «Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги секторун колдоо: пробация жана сот адилеттиги системасын өркүндөтүү жана санариптештирүү» долбоору Европа Биримдиги жана БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы тарабынан биргелешип каржыланат.
Бул долбоор Кыргыз Республикасында жазык сот адилеттиги системасын гумандаштырууга жана эл аралык стандарттарга жана ченемдерге ылайык жазык сот адилеттиги чөйрөсүндө реформаларды жүргүзүүдө өлкөнүн потенциалын жогорулатууга багытталган.
Долбоор эки компоненттен турат, алардын бири Кыргызстанда пробациянын натыйжалуулугун жогорулатууга жана андан ары өнүктүрүүгө багытталган.