Пробация кызматкерлеринин ден соолугуна жана бейпилдигине кам көрүүнүн алкагында кызматкерлер үчүн кургак учук боюнча маалыматтык лекция өткөрүлдү.
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробация кызматкерлеринин ден соолугуна жана бейпилдигине кам көрүүнүн алкагында кызматкерлер үчүн кургак учук боюнча маалыматтык лекция өткөрүлдү.
Пробация кызматкерлеринин ден соолугуна жана бейпилдигине кам көрүүнүн алкагында Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймак аралык башкармалыгынын аймактык пробация органдарынын кызматкерлери үчүн кургак учук боюнча маалыматтык лекция өткөрүлдү.
Иш-чара 2022-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында АИВ жана кургак учук боюнча кызмат көрсөтүүдө укуктук тоскоолдуктарды жоюу боюнча иш-чаралар планына ылайык өткөрүлдү, ал Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 14-мартындагы 2022-жылдын биргелешкен буйругу менен бекитилген.
Иш-чаранын максаты - пробация кызматкерлерине кургак учук, анын алдын алуу жана кесепеттери тууралуу керектүү билимдерди жеткирүү.