Пробация департаменти тарабынан «Пробация» автоматташтырылган маалыматтык тутумундагы «Пробация боюнча кеңеши» блогу иштелип чыгып, тестирлөөдөн өткөрүлүүдө.
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробация департаменти тарабынан «Пробация» автоматташтырылган маалыматтык тутумундагы «Пробация боюнча кеңеши» блогу иштелип чыгып, тестирлөөдөн өткөрүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын «Пробация жөнүндө» мыйзамынын алкагында Пробация департаменти тарабынан «Пробация» автоматташтырылган маалыматтык тутумундагы «Пробация боюнча кеңеши» блогу иштелип чыгып, тестирлөөдөн өткөрүлүүдө.
Бул блок электрондук документ жүгүртүүнү киргизүүгө, ошондой эле пробация боюнча кеңештин мүчөлөрүнүн ишинин натыйжалуулугун, ачык-айкындуулугун жогорулатууга жана коюлган милдеттерди натыйжалуу чечүүнү камсыздоого багытталган.
Бүгүнкү күндө блокко республиканын 55 районунан жана шаарларынан Пробация боюнча кеңешинин 324 мүчөсү кошулду.
Ошондой эле, 2023-жылдын 12-сентябрында Пробация департаментинин кызматкерлери "Пробация боюнча кеңеш" блогун колдонуу боюнча аймактык пробация органдарынын кызматкерлерине онлайн-окутуу өткөрүштү.