Пробация кардарларынын өздүк иштерин кароо боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробация кардарларынын өздүк иштерин кароо боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү
Сот органдарына, Пробация департаментинин аймактык бөлүмдөрүнөн келип түшкөн пробация кардарларынын тиешелүү сунуштамаларды жөнөтүү үчүн өздүк иштерин кароо боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү.
Отурумда 22 сунуш каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Маалымат үчүн: Комиссиянын бул жыйыны мыйзамдуулуктун бузулушун болтурбоого, сот органдарына сунуштарды киргизүүдө аймактык бөлүмдөр тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алууга багытталып профилактикалык чараларды көрүү максатында өткөрүлөт.
Эгерде пробация кызматкери сиздин укугуңузду бузса, ошондой эле пробацияга байланыштуу кандайдыр бир даттануулар же сунуштар болсо, Пробация департаментинин ишеним телефонуна +996(312)315950 кайрылсаңыз болот.