2024-жылдын 24-апрелинде “Бардыгына сот адилеттүүлүгү” долбоорунун жетектөөчү комитетинин төртүнчү отуруму болуп өттү
Башкы / Окуялар / Фотогалерея / 2024-жылдын 24-апрелинде “Бардыгына сот адилеттүүлүгү” долбоорунун жетектөөчү комитетинин төртүнчү отуруму болуп өттү
2024-жылдын 24-апрелинде “Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги секторун колдоо: пробация жана сот системасын өркүндөтүү жана санариптештирүү (Бардыгына сот адилеттүүлүгү)” долбоорунун жетектөөчү комитетинин төртүнчү отуруму болуп өттү.
Отурумга Юстиция министрлигинин, Пробация департаментинин, Башкы прокуратуранын, Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин жана БУУнун баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү, ошондой эле чакырылган эксперттер катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө жыйындын катышуучулары 2023-жылдын IV жана 2024-жылдын I кварталдарындагы долбоордун ишке ашыруунун жыйынтыктары жөнүндө отчетту, ошондой эле кийинки мезгилге карата иш планды карап чыгып, талкуулашты.