Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу кодекси
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына (мындан ары - Конституция), жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу жана өтөө тартибин жана шарттарын белгилөөчү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына негизденет.
Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери жазык-аткаруу мыйзамдарынын курамдык бөлүгү болуп саналат.
Эл аралык уюмдардын жазаларды аткаруу жана соттолгондорго мамиле кылуу маселелери боюнча сунуштамалары (декларациялары) зарыл социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөр болгондо жазык-аткаруу мыйзамдарында ишке ашырылат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Кодексте белгиленген учурларда, жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле соттолгондорду кайра социалдаштырууга жана аларга социалдык жардам көрсөтүүгө багытталган башка ченемдик укуктук актыларды кабыл алат.
Жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу жана өтөө тартибин жана шарттарын белгилөөчү мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылар менен, эгерде мыйзамда мындайлар каралбаса, соттолгондордун укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын чектөө белгилениши мүмкүн эмес.
Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 31-январындагы № 17 жазык-аткаруу кодекси менен бул жерден таанышыңыз.