Кыргыз Республикасынын Пробация департаменти
RU / KG
МЕНЮ
  • Башкы
  • Пробация
    • Пробациянын түрлөрү
    • Балдарга карата пробация
    • Пробациянын кардарларынын категориясы
    • Эл аралык стандарттар
    • Дүйнөдөгү пробация
  • Департамент
    • Аналитикалык документтер
    • Ченемдик документтер
    • Пробация департаментинин түзүү тарыхы
    • Департаменттин түзүмү
    • Пробация департаментинин символикасы
    • Пробация департаментинин комиссиялары
    • Пробация боюнча кеңештер
    • Биздин өнөктөштөр
    • Пробациянын ыктыярчылары
  • Кардарлар үчүн
    • Пробациянын кардары деген ким?
    • Укуктар жана милдеттер
    • Жардам борборлору
    • Кайра социалдаштыруу долбоорлор жана программалары
    • Сиздин укуктарыңыз бузулдубу?
  • Окуялар
    • Жаңылыктар
    • Коомдук иштер
    • ЖМК пробация жөнүндө
    • Пробация боюнча кеңеш
    • Фотогалерея
    • Видеоматериалдар
    • Басма сөз кызматы менен байланышуу
  • Байланыш
    • Пробация органдарынын даректери
    • Пробация департаментинин Борбордук аппараты
    • Пробация департаментинин Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ош, Баткен облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалык

Пробацияны колдонуу жана кардарларды эсепке алуу тартиби

Башкы / Департамент / Ченемдик документтер / Пробацияны колдонуу жана кардарларды эсепке алуу тартиби

Пробацияны колдонуу жана кардарларды эсепке алуу тартиби

Пробацияны колдонуу жана кардарларды эсепке алуу

ТАРТИБИ

1. Пробацияны колдонуу жана кардарларды эсепке алуу тартиби (мындан ары - Тартип) коомдон обочолонтуу менен байланышпаган жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир этүүнүн башка мажбурлоо чараларын аткаруунун, пробация кардарларын контролдоону, көзөмөлдөөнү уюштуруунун жана ишке ашыруунун, мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана коомчулук менен өз ара аракеттенүүдө кайра социалдаштырууда аларга көмөк көрсөтүү тартибин аныктайт.

2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:

1) пробация органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) - коомдон обочолонтуу менен байланышпаган жаза жазаларын аткарууну жана кылмыш-жаза укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын түзөтүү мекемелеринен мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган, жазаны аткаруу кийинкиге калтырылган адамдарга көзөмөлдү социалдык-укуктук функцияларды аткаруу менен, ошондой эле укук бузуулар үчүн жаза чараларынын түрлөрүн жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

2) пробациянын кардары (мындан ары - кардар) - "Пробация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде статусу аныкталган жеке жак;

3) пробациянын волонтеру (мындан ары - волонтер) - пробация органдарына ыктыярдуу жана акысыз жардам көрсөтүүчү адам;

4) ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү (мындан ары - аймактык бөлүм) - коомдон обочолонтуу жана кылмыш-жаза укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чаралары менен байланышпаган жаза жазаларын аткарууну, түзөтүү мекемелеринен мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган, жазаны аткаруу кийинкиге калтырылган адамдарга көзөмөлдү социалдык-укуктук иш-милдеттерди аткаруу менен, ошондой эле укук бузуулар үчүн жаза чараларынын түрлөрүн жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү;

5) "Пробация" автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары - "Пробация" АМС) - пробациянын кардарлары, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында, ошондой эле укук бузуулар, пробация чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган, аларга карата көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматтарды чогултууга, иштеп чыгууга жана сактоого арналган маалыматтык система;

6) социалдык-укуктук жардам көрсөтүүнүн жеке программасы (мындан ары - Программа) - аймактык бөлүм тарабынан түзүлгөн, пробациянын кардарынын ким экендигин жана керектөөлөрүн иликтөөгө негизделген, ага социалдык-укуктук жардам көрсөтүү программасы;

7) пробациялык көзөмөлдөө планы (мындан ары - План) - пробациянын кардарына сот тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткаруусун контролдоону ишке ашыруу боюнча аймактык бөлүм тарабынан түзүлгөн документ;

8) электрондук көзөмөл - сот тарабынан пробация кардарларына жүктөлгөн көзөмөлдүк талаптардын сакталышына жана пробациялык милдеттердин аткарылышына электрондук-техникалык түзүлүштөрдү колдонуу менен пробация органы жүзөгө ашыруучу көзөмөл;

9) электрондук-техникалык түзүлүштөр - кардарлар менен үзгүлтүксүз байланышты жана белгиленген убакыт ичинде алардын кыймылына аралыктан байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуучу электрондук көзөмөлдөөгө арналган программалык жана техникалык каражаттар.

3. Кардарлар Кыргыз Республикасынын Конституциясында, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде, Кыргыз Республикасынын Жазык аткаруу кодексинде, пробация чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөр менен Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарына жана милдеттерине ээ.

4. Ыйгарым укуктуу органдын ушул Тартипте жана пробация чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган талаптары Кыргыз Республикасынын бардык аймагында жарандар жана кызмат адамдары, менчигинин түрүнө карабастан ишканалар, уюмдар же мекемелер үчүн аткарууга милдеттүү.

Ыйгарым укуктуу органдын талаптарын аткарбоо, маалыматтарды өз убагында бербөө же туура эмес берүү Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликке алып келет.


Пробацияны колдонуу жана кардарларды эсепке алуу ТАРТИБИ менен толук бул  жерден таанышсаңыз болот.


Ыктыярчылар

Жардам бергиңиз келеби?

Акыркы жаңылыктар

  • Пробация в Кыргызстане - «Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг болуп өттү.
    «Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг болуп өттү.
  • Пробация в Кыргызстане - «Баарына сот адилеттүүлүк» долбоорунун жетектөөчү комитетинин бешинчи жыйыны болуп өттү.
    «Баарына сот адилеттүүлүк» долбоорунун жетектөөчү комитетинин бешинчи жыйыны болуп өттү.
  • Пробация в Кыргызстане - Пробация департаментинде Больцман институтунун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү
    Пробация департаментинде Больцман институтунун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү
  • Пробация в Кыргызстане - Пробация кызматкерлери ВИЧ жана кургак учук контекстинде кардарлар менен иштөө маселери боюнча окууд
    Пробация кызматкерлери ВИЧ жана кургак учук контекстинде кардарлар менен иштөө маселери боюнча окууд...

Категории

  • Пробации
  • О департаменте
  • Кардарлар үчүн
  • Международная практика
  • События

Кыргызстандагы пробация

Пробация - инсанды социалдык изилдөөгө негизделген жана пробациянын кардарларын оңдоого, укук бузуулардын алдын алууга, социалдык жардам көрсөтүүгө жана аларды кайра жандандыруу боюнча чараларды көрүүгө багытталган мамлекеттин социалдык-укуктук мекемеси.


Сайттын бөлүктөрү

  • Пробация жөнүндө
  • Департамент жөнүндө
  • Кардарлар үчүн
  • Эл аралык тажрыйба
  • Биздин өнөктөштөр
  • Жаңылыктар

Ченемдик укуктук актылар

  • КР Конституциясы
  • КР "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
  • КР Жазык Кодекси
  • КР Жазык-процесстик Кодекси
  • Жазык-аткаруу Кодекси
  • Бузуулар жөнүндө Кодекси

Негизги байланыш

Кыргызстан, Бишкек ш.,
Ч. Айтматова көч, 1,

Тел: +996 (312) 315950,
Email: info@probation.gov.kg,

Кабыл алуу сааты: Дш-Жм, 09:00-18:00

© 2025 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти

Веб-сайт Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин колдоосу менен иштелип чыккан

Ошибка в тексте? Выделите ее мышкой и
нажмите CTRL + ENTER