Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 24-февралындагы № 34 “Пробация жөнүндө” мыйзамы
Кыргызстандагы пробация – бул соттолгон адамдарды кылмыш кылууга алып келген оор турмуштук абалдан чыгуусуна көмөктөшүү жана ресоциалдаштырууну камсыз кылган социалдык-укуктук институт деп эсептелинет. Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 24-февралындагы № 34 "Пробация жөнүндө" мыйзамы Кыргызстандагы пробациянын максаттарын, милдеттерин, укуктук негиздерин, принциптерин жана формаларын аныктайт.
Пробация – бул жаңылып кылмышка барган адамга карата колдонулуучу социалдык жана укуктук чаралар.
Ал ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан пробациянын кардарларына социалдык көмөк алууга, алардын түзөлүүсүнө, социалдашуусуна, коомго кайрадан кошулуусуна жардам көрсөтүүгө жана укук бузууларды алдын алууга багытталган, кардардын оңолуусуна тийиштүү шарттарды түзүп берүү максатында ишке ашырылган комплекстүү иш-чаралар.
Өз максаттарын ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар коомчулук менен өз ара тыгыз аракет жүргүзүп, пробациянын кардарына социалдык-укуктук, психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтүшөт. Жыйынтыгында пробациянын кардарында, башкача айтканда сыналуучуда оңолууга мүмкүнчүлүк пайда болот. Жалпысынан бул пробация институту болуп саналат.