Пробациялык баяндама дайындоо
Пробациялык баяндама – бул жаранга жүргүзулгөн социалдык – психологиялык изилдөөлөр, социалдык-тиричилик шарттарын жана кылмыш жасоого түрткү берген башка жагдайларды жана коомдон обочолонтуу жана жазык-укуктук жазалар жана жазык-укуктук таасир этүүнүнмажбурлоо чараоары менен байланышпаган, жазык жазалардын колдонуу мүмкүндүгү (мүмкүн эместиги) жөнүндөжыйынтыгы боюнча пробация органдарынын корутундусу.
Сот беш жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза дайындоодо кылмыштын оордугун, күнөөлүүнүн инсандыгын, анын пробациялык көзөмөлдү колдонууга берген макулдугун, ошондой эле иштин башка жагдайларын эске алуу менен, соттолгон адамды жаза өтөтпөстөн түзөтүү мүмкүн экендиги жөнүндө тыянакка келет.
Пробациялык баяндама өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттолгон адамдарга, Кыргыз Республикасында убактылуу жашап турган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга, ошондой эле жашы жетелектин жыныстык кол тийбестигине кол салууну жасаган адамдарга түзүлбөйт.
Пробация органдарынын кызматкерлерине, айыптаалуучунун социалдык психологиялык портретин түзүүгө жол бербеген зарыл маалыматтар жок болгон, же чогулган маалыматтар жетишсиз болгон жагдайлар пайда болуп калышы мүмкүн. Мындай учурда, пробация органы тапшырма берген сот органына андан ары багыттама берүү үчүн чогултулган маалыматтарды көрсөтүү менен пробациялык баяндама түзүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө негиздеме корутунду даярдайт. Мындай корутунду айыпталуучу соттун талабында көрсөтүлгөн даректе жашабаганда, айыпталуучунун ким экендиги тастыкталбаганда, айыпталуучу каза болгондо, пробациялык баяндаманы түзүү талап кылынбай турган өтө оор кылмыш жасаган жарандарга карата дагы түзүлөт.