Пробация департаментинин ведомстволук сыйлыктары
Башкы / Департамент / Пробация департаментинин ведомстволук сыйлыктары
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин
алдындагы Пробация департаментинин
2022-жылдын 20-сентябрындагы № 71 буйругу менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин ведомстволук сыйлыктары жөнүндө
Жобо
1-глава. Негизги жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин (мындан ары – Пробация департаменти) ведомстволук сыйлыктарынын түрлөрүн, укуктук статусун, шарттарын жана тартибин белгилейт.
2. Пробация департаментинин сыйлыктары Пробация департаментинин кызматкерлеринин моралдык жактан стимулдаштыруу жана сыйлоо, ошондой эле, кызматкер эмес адамдардын пробация органдарынын системасын өнүктүрүүгө кошкон салымын сыйлоонун жана алардын сиңирген эмгегин сыйлоонун жана алардын таануунун формасы болуп саналат.
3. Пробация департаментинде ведомстволук сыйлыктардын төмөнкү формалары белгилеген:
- Алкыш;
- Ардак грамота;
- “Пробация органдарындагы кызматы үчүн” I, II жана III даражадагы медалдары;
- “Активдүү кызматташтык үчүн” медалы;
- “Пробациянын мыкты кызматкери” төш белгиси.
4. Сыйлоодо сыйлыктын түрү, сыйлануучунун мүнөзү, сиңирген эмгегинин даражасы, анын пробация органдарында, ошондой эле, мамлекеттик (муниципалдык) кызматта иштеген стажы менен аныкталат.
Жаран юбилейине байланыштуу сыйланбайт.
Даражасы бар сыйлыктардан тышкары, бир эле адам бир эле сыйлык менен эки жолу сыйлана албайт.
Белгиленген тартипте алып салынбаган тартиптик жазалары бар Пробация департаментинин кызматкерлерин сыйлоого көрсөтүүгө жол берилбейт.
5. Пробация департаментинин кызматкерлерин Пробация департаментинин кезектеги сыйлыгына көрсөтүү мурдагы сыйлоодон кийин кеминде эки жыл өткөндөн кийин жүргүзүлөт.
2-глава. Сыйлоонун шарттары
6. Пробация департаменттин алкышы төмөнкү критерийлердин бирине жооп бергенде жарыяланышы мүмкүн:
- кынтыксыз мамлекеттик кызматы;
- кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы;
- Пробация департаментинин ишин камсыз кылууда активдүү жана таасирдүү жардам бергендиги;
- Пробация департаментин өнүктүрүүгө көмөк көрсөткөндүгү;
- пробацияны өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу үчүн.
Алкыш Пробация департаменттинде 1 жылдан кем эмес иштеген кызматкерлерге жана башка кызматкер эмес адамдарга жарыяланышы мүмкүн.
7. Пробация департаментинин Ардак грамотасы менен төмөнкү критерийлердин бирине жооп бергенде сыйланышы мүмкүн: :
- жумуштагы алгылыктуу жетишкендиктери;
- кынтыксыз мамлекеттик кызматы;
- кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы;
- Пробация департаментинин ишин камсыз кылууда активдүү жана таасирдүү жардам бергендиги;
- Пробация департаментин өнүктүрүүгө көмөк көрсөткөндүгү;
- инновациялык технологияларды киргизгендиги үчүн.
Пробация департаментинин Ардак грамотасы менен Пробация департаментинде 2 жылдан кем эмес иштеген кызматкерлер, ошондой эле, кызматкер эмес адамдар сыйланышы мүмкүн.
8. Пробация департаментинин “Пробация органдарындагы кызматы үчүн” медалы менен төмөнкү критерийлердин бирине жооп берген пробация органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери гана сыйланышы мүмкүн:
- узакка созулган кынтыксыз мамлекеттик кызматы;
- кесиптик чеберчилиги;
- кызматта жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендиги;
- пробация органдарынын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн.
Пробация департаментинин “Пробация органдарындагы кызматы үчүн” медалы үч даражага (I, II, III) ээ.
Пробация департаментинин “Пробация органдарындагы кызматы үчүн” медалы менен сыйлоо ырааттуу жүргүзүлөт:
- Пробация департаментинин “Пробация органдарындагы кызматы үчүн” III даражадагы медалы менен Пробация департаментинде 3 жылдан кем эмес иш стажы бар кызматкер сыйланышы мүмкүн;
- Пробация департаментинин “Пробация органдарындагы кызматы үчүн” II даражадагы медалы менен Пробация департаментинде 5 жылдан кем эмес иш стажы бар кызматкер сыйланышы мүмкүн;
- Пробация департаментинин “Пробация органдарындагы кызматы үчүн” III даражадагы медалы менен Пробация департаментинде 7 жылдан кем эмес иш стажы бар кызматкер сыйланышы мүмкүн.
“Пробация органдарындагы кызматы үчүн” медалына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк тиркелет, ансыз медаль жараксыз болот.
“Пробация органдарындагы кызматы үчүн” медалы көкүрөктүн сол жагына тагылат.
9. Пробация департаментинин “Активдүү кызматташтык үчүн” медалы менен төмөнкү критерийлердин бирине жооп берген Пробация департаментинин кызматкери эмес адам сыйланышы мүмкүн:
- Пробация департаментине сиңирген эмгеги;
- Пробация департаменти менен кызматташтыкты чыңдоо жана Пробация департаментин өнүктүрүү ишине олуттуу салым кошкондугу;
- Пробация департаментинде инновациялык технологияларды киргизгенге салым кошкондугу үчүн.
“Активдүү кызматташтык үчүн” медалына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк тиркелет, ансыз медаль жараксыз болот.
“Активдүү кызматташтык үчүн” медалы көкүрөктүн сол жагына тагылат.
10. “Пробациянын мыкты кызматкери” төш белгиси Пробация департаментинин эң жогорку сыйлыгы болуп саналат, аны менен кеминде 10 же андан ашык жылдык иш стажы (анын ичинде Пробация департаментинде кеминде 2 жылдык стажы бар) , төмөнкү критерийлердин бирине жооп берген Пробация департаментинин кызматкерлери жана ардагерлери гана сыйланышы мүмкүн:
- узакка созулган кынтыксыз мамлекеттик кызматы;
- жогорку кесипкөйлүк;
- Пробация департаментине сиңирген эмгеги жана жетишкендиктери үчүн.
“Пробациянын мыкты кызматкери” төш белгисине белгиленген үлгүдөгү күбөлүк тиркелет, ансыз төш белги жараксыз болот.
“Пробациянын мыкты кызматкери” төш белгиси көкүрөктүн оң жагына тагылат.
3-глава. Сыйлыкка көрсөтүүнүн тартиби
11. Сыйлыкка сунуштарды ар тараптуу, толук жана объективдүү кароо максатында Пробация департаментинин ведомстволук сыйлыктары менен сыйлоо боюнча туруктуу иштөөчү комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүлөт.
Пробация департаментинин кызматкерлерин, ошондой эле кызматкер эмес адамдарды сыйлоого сунуштар Юстиция министрлигинен, башка мамлекеттик же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, эл аралык уюмдардан, юридикалык жактардан, ошондой эле Пробация департаментинин кызмат адамдарынан түшүшү мүмкүн.
Комиссия түшкөн сунуштарды карап чыгып, жыйынтыгы боюнча Пробация департаментинин директоруна тиешелүү сунуш киргизет.
12. Өзгөчө учурларда, Пробация департаментинин директору өзүнүн жеке демилгеси менен, Пробация департаментине өзгөчө сиңирген эмгеги жана жетишкендиктери үчүн Комиссиянын сунушусуз, ведомстволук сыйлыктарга көрсөтүүнүн тартибин, анын ичинде мөөнөттөрүн, иш стажын эске албастан, Пробация департаментинин сыйлыгы менен сыйлоого укуктуу.
Өзгөчө учурларда, пробация органдарын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн Пробация департаментинин директору иш стажын эске албастан “Пробация органдарындагы кызматы үчүн” III даражадагы медалы, “Пробация органдарындагы кызматы үчүн” III жана даражадагы медалы менен сыйланбаган кызматкерди, дароо эле “Пробация органдарындагы кызматы үчүн” II даражадагы медалы, “Пробация органдарындагы кызматы үчүн” III жана II даражадагы медалы менен сыйланбаган кызматкерди, дароо эле “Пробация органдарындагы кызматы үчүн” I даражадагы медалы менен сыйлоого укуктуу.
13. Сыйлыкка сунуштоодо, сыйлыкка көрсөтүлгөн адамдын төмөнкү документтерин тапшыруу зарыл:
- Пробация департаментине кандай сыйлык жана критерий менен сыйланып жаткандыгын камтыган сыйлоо жөнүндө сунуш;
- сыйлыкка көрсөтүү жөнүндө Комиссиянын жыйынынын протоколу;
- сыйлануучунун паспортунун көчүрмөсү;
- белгиленген үлгүдөгү сыйлык баракчасы;
- жыйынтык.
4-глава. Сыйлыктарды тапшыруу тартиби
14. Пробация департаментинин сыйлыктары сыйлануучуга салтанаттуу жагдайда тапшырылат. Ошол эле учурда сыйлануучуга сыйлыкка тиешелүү күбөлүк берилет.
Пробация департаментинин сыйлыктары директор, ал болгон учурда - директордун орун басарларынын бири, же директордун тапшырмасы менен региондор аралык башкармалыктарынын начальниктери тарабынан тапшырылат.
15. Пробация департаментинин Алкышына жана Ардак грамотасына Пробация департаментинин директору кол коет жана мөөр басылат.
16. Пробация департаментинин Алкышын жана Ардак грамотасын даярдоо Пробация департаментинин административдик башкармалыгынын кадрлар секторунун кызматкерлери тарабынан ишке ашырылат.
Кызматкердин эмгек китепчесине сыйлоо жөнүндө жазуу жазылат, ал эми анын өздүк ишинде сыйлоо жөнүндө Пробация департаментинин буйругунун көчүрмөсү сакталат.
5-глава. Корутунду жоболор
17. Пробация департаментинин ведомстволук сыйлыктары менен сыйлоо атайын журналда катталат, ал Пробация департаментинин административдик башкармалыгынын кадрлар секторунда жүргүзүлөт. Анда сыйланган адамдын аты-жөнү, анын иштеген жери жана ээлеген кызматы, сыйлоонун негизи жана датасы көрсөтүлөт.
18. Пробация департаментинин сыйлыгын алган адамдар алардын сакталышын камсыз кылууга тийиш. Сыйлыктар, алардын күбөлүктөрү жоголгон учурда, сыйлангандар сыйлыктарга болгон укуктарын сактап калышат.
Ардак грамоталардын, медалдардын жана төш белгилердин дубликаттары алар жоголгон учурда берилбейт.
19. Пробация департаментинин Алкышынын жана Ардак грамотасынын бланктарын сатып алуу, эсепке алуу, сактоо жана берүү Пробация департаментинин финансы-чарбалык бөлүмү тарабынан мыйзамдарда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
20. Пробация департаментинин Алкышынын, Ардак грамотасынын, медалдардын жана төш белгинин сүрөттөлүшү, сыйлыктардын күбөлүктөрүнүн үлгүлөрү Пробация департаментинин буйругу менен бекитилет.